Ажатканага чыккан бала кайра кайткыча үй-бүлөсүнөн ажырап калды

© Sputnik / Табылды КадырбековКрушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учактын кыйрашынан аман калган бала бир заматта жакындарынан айрылып калды.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Учактын кулашынан көз жумган үй-бүлөдөн бир бала ажатканага чыгып кеткени үчүн аман калганын биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев брифинг учурунда маалымдады.

"Тестиер эртең менен коңшу короодогу ажатканага чыгып кеткен. Дал ошол маалда учак кулаган. Бала аман-эсен, бирок жакындарынан айрылып калды", — деди Абулгазиев.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Гонконгдон Стамбулду көздөй багыт алган учак "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айыл аймагына кулаган. Абулгазиевдин айтымында, 32 адам каза болуп, 11 киши ооруканага жаткырылган. Кырсык 23 үйдү жараксыз абалга келтирди.

Учак кырсыгынын чоо-жайы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан кенен таанышыңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0