Күбө: жети жаштагы кыздын сөөгүн уранды алдынан казып чыктык

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуКрушение грузового самолета в Киргизии
Крушение грузового самолета в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки тааныш үй-бүлөсү толугу мене каза болуп калгандыгы тууралуу куткаруу ишине катышкан аял айтып берди.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Мен тааныган эки үй-бүлө каза болду. Бул тууралуу Наргиза Орозалиева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди. 

"Бүгүн эртең менен эрте жумушка аэропортко келгем. Биз учактын кандай кулагынын көрдүк. Бирок аны үйлөрдүн үстүнө кулары оюбузга да келген жок", — деди ал.

Бактыгүл Кубатова: үйүбүз түп-орду менен жок, кантип аман калганыбызды билбейм - Sputnik Кыргызстан
Жабырлануучу Кубатова: үйдүн үстү урай баштады, баламды чүмкөп калууга араң жетиштим
Орозалиеванын айтымында, учактын Дача-Суу айылынын үстүнө кулагандыгы белгилүү болгондо элдин баары жардам берүүгө чуркап жөнөгөн. 

"Мен эки таанышым жашаган үйдү көрдүм. Бир үйдө бардык үй-бүлө мүчөлөрү — 58 жаштагы Анарбек Солтунбеков анын аялы, 25 жаштагы уулу Айбек жана жети жаштагы кызы Мария каза болушту. Кичинекей кыздын денесин милиция менен өрт өчүрүү кызматкерлери болуп чогуу алып чыктык", — деди Орозалиева. 

Дүйшөмбү күнү "Манас" аэропортунун жанындагы Дача-Суу айылына жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулаган. Ал Гонконг — Стамбул аба каттамы менен учуп бара жатып Бишкек шаарына май куюп алуу үчүн конгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, кырсыктан 31 адам көз жумган.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0