21:10 17 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Акча. Архивдик сүрөт

Кара-Балтанын базарында чаламандын чак түшүндө дүкөндү тоноп кетишти

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
18910

Жума күнү милицияга арыз менен кайрылган жаран 12-январь күнү түшкө маал анын дүкөнүнө европа улутундагы адам кирип, коркутуу жолу менен сегиз миң сом акчасын алып кеткенин билдирген.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жайыл районунун милиция кызматкерлери дүкөндү тоноо боюнча шектелген адамды кармаганын Чүй ОИИБдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык, милицияга Кара-Балта шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. 

Жабырлануучунун айтымында, 12-январь күнү түшкө маал европа улутундагы адам кирип, дүкөнчүнү коркутуп сегиз миң сом акчасын алып кеткен. 

Дүкөн шаардагы базарлардын биринде орун алган.

"Милициянын ыкчам аракетинин жыйынтыгында 37 жаштагы жергиликтүү жаран кармалды", — деп айтылат билдирүүдө. 

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

Тема боюнча

Бишкектеги акча алмаштыруу жайынан 540 миң сом тонолду
Белгилер:
тоноо, дүкөн, акча, Кара-Балта

ЭҢ МААНИЛҮҮ