Жолугушууга келген кызды бычактап салган бала өмүр бою эркинен ажыратылды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАрест бывших сотрудников отдела полиции "Хорошево-Мневники"
Арест бывших сотрудников отдела полиции Хорошево-Мневники - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын октябрь айында Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында денесине бир нече ирет бычак жеген кыздын денеси табылган.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Ысык-Көл райондук соту 24 жаштагы жигитти кыздын өлүмүнө күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Сталбек Усубакунов билдирди. 

Убийство на почве ревности - Sputnik Кыргызстан
Беловодское айылында эки өспүрүм кыз талашып, бири бычакталып каза болду
Белгилей кетсек, өткөн жылдын октябрь айында Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында денесине бир нече ирет бычак жеген кыздын денеси табылган. Каза болгон 19 жаштагы кыз аталган айылда башталгыч класстарга сабак берчү. Маалыматтар боюнча кыздын денесине болжол менен 11 жолу бычак сайгандан кийин кылмышкер качып кеткен.

Бирок кызды өлтүрүүгө шектелген адам ошол күнү эле кармалган. 24 жаштагы жаранга мурда бейбаштык боюнча кылмыш иши козголгон эле.

Усубакуновдун айтымында, 24 жаштагы жигит Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча соттолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0