Баткен: 2 кг. героин менен кармалган киши 14 жылга соттолду

© Sputnik / Олег Золото / Медиабанкка өтүүУничтожение наркотиков в Нижегородской области
Уничтожение наркотиков в Нижегородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттолуучу мындан бир жылга жакын убакыт мурда, 2016-жылдын февралында кармалган.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Баткен облустук соту баңгизатын соодалоо менен алектенген 57 жаштагы жаранды 14 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди. 

Соттолуучу мындан бир жылга жакын убакыт мурда, тагыраагы 2016-жылдын 26-февралында саат 20:00дөр чамасында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы Кызыл-Бел айылынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан тоолор аркылуу Тажикстандын Исфара районуна кеткен жолдо кармалган. 

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин 12-кичи районундо 3,6 кг. нашаа менен киши кармалды
Аны текшерүүгө алган учурда жерге көөмп койгон көк түстөгү "AVGAN" жазуусу бар баштыкчасынын ичинен бир даана каймак, бир даана колбаса жана өзгөчө жыты бар баңгизатына окшогон болжол менен эки килограммдагы зат чыккан. 

Соттук-химиялык текшерүүнүн натыйжасында заттын 1 кг 900 граммдан ашык героин экени аныкталган. 

Кармалган жаран 2016-жылдын 27-февралынан бери камакта болчу.

Баткен облустук сотунун кылмыш жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясы 10-январь күнү өткөрүлдү. Анда шектүү жаран Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү) боюнча күнөөлүү деп табылды. 

Ал беренелердин негизинде аталган жаран 14 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0