Медиктердин унаасы жол кырсыгына кабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар в здании церкви и в частной школе в Бишкеке
Пожар в здании церкви и в частной школе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Toyota Hiace унаасы Чүй проспектиси менен бара жатып, Сүйүмбаев көчөсүнө бурулганда Daihatsu Cuorе автомашинасы менен кагылышып алган.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бейшемби күнү Саламаттык сактоо департаментинин унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Кайгуул милициясы билдирди. 

Ага ылайык, жол кырсыгы саат таңкы 9.30дар чамасында болгон. 

"Департаменттин Toyota Hiace унаасы Чүй проспектиси менен бара жатып, Сүйүмбаев көчөсүнө бурулганда Daihatsu Cuorе автомашинасы менен кагылышып алган", — деп жазылат маалыматта. 

Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Учурда тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0