Бишкектин чок ортосунан селсаяк аялдын өлүгү табылды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөөгү көчөдө табылган аялдын өлүмүнүн себептери аныктала элек.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жибек Жолу проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде аял кишинин жансыз денеси табылганын Бишкек ШИИБдин маалымат катчысы Олжобай Казабаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"10-январь күнү эртең мененки сегизде Жибек Жолу проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги "7 дней" дүкөнүнүн жанынан болжол менен 40-45 жаштагы европа улутундагы аялдын жансыз денеси табылды. Сөөктү карап чыкканда аял селсаяк экени белгилүү болду", — деди Казакбаев. 

Анын айтымында, сөөк дароо өлүкканага жеткирилген, өлүмдүн себептери аныкталып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0