Саратовдо баланын өмүрүн алган кырсыкка күнөөлөнүп КР жараны камалды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүРабота вневедомственной охраны московской полиции
Работа вневедомственной охраны московской полиции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 7-январь күнү Нижний Новгород — Саратов унаа жолунда катталган.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Шейшемби күнү Россиянын Саратов облусунун соту төрт жаштагы баланы сүзүп кеткен кыргызстандык жаранды камоого уруксат берди. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү аймактык ИИМ өкүлчүлүгүнө таянып билдирди. 

Столкновение грузовика и легкового автомобиля на автотрассе Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Жайылда жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышып, эки адам каза болду
Жол кырсыгы 7-январь күнү Нижний Новгород — Саратов унаа жолунда катталган. Анда Hyundai, ВАЗ-21093 жана Daewoo үлгүлөрүндөгү үч жеңил унаа Freightliner үлгүсүндөгү жүк ташуучу машина менен кагышкан. Жыйынтыгында ВАЗ унаасындагы төрт жаштагы бала жарааттан улам эртеси ооруканадан каза болгон.

Жол кайгуул кызматынын болжолунда Hyundai үлгүсүндөгү унаанын 30 жаштагы айдоочусу, кыргызстандык жаран унааны катуу ылдамдыкта айдап келе жаткан. 

"Россияда убактылуу жашап жаткан Кыргызстандын жараны РФ Кылмыш кодексинин "Жол кыймылынын эрежесин бузуп, жашы жете элек баланын өлүмүнө себепкер" беренелери менен 10-январда камакка алынды", — деп жазылат маалыматта. 

Билдирүүгө ылайык, камалган кыргызстандык беш жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0