Бишкектеги акча алмаштыруу жайынан 540 миң сом тонолду

© REUTERS / MOHAMED ABD EL GHANYАкча санап жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Акча санап жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ыкчам иликтөө тобу тарабынан тергөө иштери башталды.

БИШКЕК, 9-янв.— Sputnik. Бишкек шаарынын Байтик баатыр жана Геология көчөлөрүнүн кесилишиндеги акча алмаштыруу жайын карактаган белгисиз үч адам 540 миң сом алып кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБдин маалымат катчысы Олжобай Казабаев билдирди.

Анын айтымында, 8-январь күнү Октябрь райондук Ички иштер башкы башкармалыгына Военно-Антоновка айылынын 26 жаштагы Самат аттуу тургуну кайрылган.

"Байтик баатыр, 57 дарегинде жайгашкан акча алмаштыруу жайына 8-январь күнү болжол менен таңкы саат 3.30дар чамасында азиат улутундагы үч киши келип жайдын ээсине газ чачуучу баллон колдонуу менен 540 миң сомун уурдап кеткен. Күч түзүмдөрү окуя болгон жерге барып фактыны катташкан. Шектүүлөр 25-30 чамасындагы куракта экени белгилүү", — деди Казабаев. 

Ал учурда бул иш боюнча ыкчам-иликтөө тобу тарабынан тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0