БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Мыйзамсыз түрдө чек арадан өтүүгө аракет кылган өспүрүм кыз менен бир жигит кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кыргыз жарандары үстүбүздөгү жылдын 8-январь күнү "Кайрагач" өткөрүү пунктунан кармалган. Алар чек араны айланып өтүүгө аракет кылган.
Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалгандар ИИМге өткөрүлүп берилди.