Ош: сөөгү бир айдан кийин табылган баланын өлүмүнө шектелгендер абакка которулду

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүСледственный изолятор № 2 "Бутырская тюрьма"
Следственный изолятор № 2 Бутырская тюрьма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факт боюнча маркумдун классташтары шектелип, тергөө учурунда кылмыш тууралуу айтып берген.

ОШ, 6-янв. — Sputnik. Ош шаарында төрөлгөн 22 жаштагы Нурсултан Насировдун өлүмү боюнча козголгон иш сотко өттү. Ал эми шектүү катары кармалгандар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынан абакка которулду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат кызматы аймактык кабарчыга билдирди.

Күрөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош ШИИБ: таанышын өлтүрүп, сөөгүн көөмп, изин жашыргандар кармалды
Сот отуруму кайсы күнү өтө турганы азырынча белгисиз.

Эске сала кетсек, Ош шаарынын Жапалак айылынын тургуну Нурсултан Насиров 2016-жылдын 5-сентябрда түнкү 12лер чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Анын жансыз денеси 30-сентябрь күнү чирий баштаган абалда табылган

Аталган факт боюнча маркумдун классташтары шектелип, тергөө учурунда окуянын кандай болгонун баяндап беришкен. Алардын айтымында, Нурсултанды үйүнө чакырган К.Б. аттуу жаран ортодогу пикир келишпестиктен улам аны сабап жатып өлтүрүп алган. 

Андан кийин денени шериктери менен "Дэу Тико" унаасына салып Кең-Сай конушундагаы талаага алып барып көөмп ташташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0