Бишкектин чок ортосунан кызыл карагай кыйып кеткендерге издөө салынды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАраа көтөргөн адам. Архив
Араа көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардын көркүн бузган факты боюнча акт түзүлүп, күнөөлүүлөрдү аныктоо максатында Свердлов РИИБине кайрылуу жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын Шопоков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үч кызыл карагайды белгисиз бирөөлөр кыйып кеткенин мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге келген "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы менен санитардык-экологиялык инспекциянын адистери бак кол араасы менен кыйылганын аныкташкан.

Шаардын көркүн бузган факты боюнча акт түзүлүп, күнөөлүүлөрдү аныктоо максатында Свердлов РИИБине кайрылуу жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0