Биринчи январга караган түнү тез жардамга 642 билдирүү түшкөн. 10 адам ууланган

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чакыруулардын 463үнө дарыгерлер жеринен жардам көрсөтсө, 179уна кеңештер берилген.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Биринчи январга караган түнү тез жардам кызматынын 38 бригадасы жана 40 унаасы ишке чыкты. Бул тууралуу тез жардам кызматы билдирди.

Мааалыматка ылайык, 31-декабрдан 1-январга караган түнү тез жардам станциясына 642 билдиррүү түшкөн.

"Чакыруулардын 463үнө дарыгерлер жеринен жардам көрсөтсө, 179уна кеңештер берилген. 112 адам болсо ооруканага жаткырылды", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары 83 адам сасык тумоодон жабыркап, анын 35и ооруканага жаткырылган. Тамак ашына 10 адам ууланып, жетөөсү ооруканага жатса, үч адам мушташуудан жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0