7-кичирайондогу жол кырсыгы айдоочунун видеокаттоосуна түшүп калды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүУнаадагы видеорегистратор. Архив
Унаадагы видеорегистратор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясы азырынча бул жол кырсыгына эч кандай комментарий бере элек.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу бейшемби күнү түштө Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Түштүк магистралынын кесилишинде болгон жол кырсыгынын видеосун жөнөткөн.

Анда кызыл чыракка өтүп кеткен BMW үлгүсүндөгү унааны Honda CRV унаасы сүзүп салганы көрүнүп турат.

"Бул видео милиция менен жабырлануучуга күнөө кимде экенин тактоого жардам берет деп ишенем", — деп жазат күбө.

Кайгуул милициясы окуяга эч кандай комментарий бере элек.

Эгер сиз кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери +996 706 566 544 аркылуу кабарлап коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0