Жумгалда кар көчкүнүн астында калган койчунун сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоисково-спасательные работы пропавшего МЧС в селе Казарман
Поисково-спасательные работы пропавшего МЧС в селе Казарман - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чабандын денеси туугандары тарабынан табылган.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Нарындын Жумгал районундагы Кара-Дөбө кыштоосунда кар көчкү астында калган чабандын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Кырсык кечээ, 28-декабрь күнү саат түш ченде болгон. Жабырлануучу ал жерде кой кайтарып жүргөнү айтылган.

"Көчкү 44 жаштагы чабанды басып калган. Анын денеси бүгүн эртең менен туугандары тарабынан табылды" — деп айтылат маалыматта. 

Издөө иштерине куткаруучулар дагы катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0