Бишкекте үй алдына ымыркай таштап кетишти, үй ээси баланы багып алды

© flickr.com / Ferdinand SvehlaНоворожденный ребенок
Новорожденный ребенок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлердин айтымында, баланын ден соолугу чың жана жакшы каралган.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Шаршемби күнү кечинде Бишкек шаарындагы Жибек Жолу жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишине жакын жердеги үйлөрдүн бирине ымыркайдын ташталганын укук коргоо органдары билдирди.

Окуя саат 20.00дөр чамасында болгон.

"Ал жерге Тез жардам кызматы чакырылган. Дарыгерлер баланын ден соолугу чың экенин айтышты. Ага болжол менен бир ай болуп калган", — деп айтышты милициядан.

Ымыркай ташталган үйдүн ээси баланы багып алууну чечкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0