Бишкекте эки автоунаа сүзүшүп, бирөөнүн айдоочусу жаракат алды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПередача машин скорой медицинской помощи Свердловской области
Передача машин скорой медицинской помощи Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Honda унаасынын айдоочусу ооруканага жеткирилди. Жүргүнчүлөр менен экинчи автоунааны башкарган киши аман-эсен.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкекте Honda жана Subaru автоунаалары сүзүштү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык Бах жана Боронбаев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Окуя болгон жерге келген ӨКМдин куткаруучулары Honda унаасынын ичинен айдоочуну сууруп чыгып, Тез жардамдын дарыгерлерине өткөрүп берген. ӨКМден анын жанындагы жүргүнчүлөр менен экинчи автоунааны башкарган киши аман-эсен экендигин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0