Улуттук госпиталь: айдоочунун огу жөө адамдын көзүнүн алдына тийген

Жазылуу
Бейтапка 2-3 күндүн ичинде операция жасалышы ыктымал.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Жол талаша кеткен айдоочунун огу жөө адамдын оң көзүнүн ылдый жагына тийгенин Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси Алмазбек Кулназаров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Белгилей кетсек, бүгүн саат 11.30дар чамасында Бишкектеги Ибраимов менен Москва көчөлөрү кесилишкен аймакта айдоочу менен жөө адам чырдаша кеткен. Натыйжада айдоочу ок чыгарып жөө адам жабыркаган

"Госпиталга Тез жардам кызматы алып келди. Ок оң көзүнө жакын жерге барып тийген. Жаракатта инфекция бар болгондуктан азырынча тигилген жок. Болгону биринчи жардам көрсөтүлдү. Эки көзү тең шишип турат. Бейтап суроолорго жооп берип, эсин жоготкон жок", — деди Кулназаров. 

Дарыгердин айтымында, 29 жаштагы бейтапка 2-3 күндүн ичинде операция жасалышы ыктымал. 

Жаңылыктар түрмөгү
0