Бишкек — Ош унаа жолунда көчкү түшүп, дагы эки унааны жолдон сүрүп салды

© Sputnik / Владимир Иванов / Медиабанкка өтүүЗавершена расчистка лавинных завалов
Завершена расчистка лавинных завалов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жол каттамы жабык. Жолдон чыккан унаа ичинде адамдардын бар-жогу такталып жатат.

БИШКЕК, 23-дек. – Sputnik. Бүгүн саат 12лер чамасында Бишкек — Ош жолунун 198-чакырымында кар көчкү түшүп, эки жүк ташуучу унааны жолдон сүрүп салганын ӨКМ билдирди.

Задержание 11 авиарейсов в аэропорту Оша - Sputnik Кыргызстан
Ош аэропорту тумандан улам убактылуу ишин токтотту
Маалыматка ылайык, көчкүнүн көлөмү 7200 куб метрди түзөт. Аталган аймакка жолдун 154-чакырымында нөөмөттө турган куткаруучулар чыгып кетти. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Жол каттамы жабык. Аны тазалоо үчүн атайын техника тартылды.

Эскерте кетсек, буга чейин Ала-Беш ашуусунда кар көчкү түшүп, жүргүнчү ташыган унааны жол жээгине сүрүп салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0