Анталиядагы мончолордун биринен кыргызстандык кыздар кармалды

© AFP / TORSTEN SILZГостиница Fuerstenhof в Бад-Бертрих в Швейцарии
Гостиница Fuerstenhof в Бад-Бертрих в Швейцарии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык кыздар иштөөгө уруксат берүүчү документтери жок болгондуктан кармалган. Алардын арасында Өзбекстан менен Грузиядан келген кыздар дагы болгон.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Анталиянын Аланья аймагында полиция рейд уюштуруп, анын жыйынтыгында кыргызстандык 8 кыз кармалганын Түркиянын Haberler басылмасы жазып чыкты. 

Сауна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош: саунада сойкукана уюштурууга шектелген аял кармалды
Кыргызстандык кыздар менен чогуу Өзбекстан менен Грузиядан келген кыздар дагы кармалган. Он кыз тең Түркиянын аймагына иштөө үчүн мыйзамсыз келген деп айыпталууда.

Полиция кыздарды Анталиянын миграциялык бөлүмүнө алып барышкан. Эми аларды өлкөдөн чыгаруу иштери жүрөт.

Белгилей кетсек, ноябрь айынын башында да Анталиядагы мончолордун биринен кыргызстандык кыздар кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0