БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүндө жашаган тургундун үйүндө газ баллон жарылып, үй ээси, аялы, 10 жана 7 жаштагы үч кызы менен 62 жаштагы тууганы күйүп калганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 31 жаштагы үй ээсинин денесинин 20 пайызы күйсө, анын 28 жаштагы келинчегинин денесинин 50 пайызы күйүп, оор жаракаттарды алган.
Жабыркаган алты жаран Ош облустук оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылды.