Жолдон адашып өзбек чек арачыларына кармалган үч КР жаранынын экөө кое берилди

© Sputnik / И. Носов / Медиабанкка өтүүСоветско-финская граница
Советско-финская граница - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факт боюнча эки тараптын чек арачыларынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрдү.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Өзбек чек арачылары тарабынан кармалган үч кыргызстандык жарандын экөө кое берилгенин Чек ара кызматы билдирди.

Паспорт текшерип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депортацияланган тажик жараны Россияга жасалма КР паспорту менен учууга аракет кылды
Маалыматка ылайык, 11-декабрь күнү тумандан улам жолдон адашып кеткен үч кыргызстандыкты Өзбекстандын аймагынан аталган өлкөнүн чек арачылары кармап алган. Беш күндөн бери аталган жарандар Чуст райондук ички иштер бөлүмүндө болуп келишкен. 

Бул факт боюнча эки өлкөнүн чек арачылары тарабынан сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада кечээ эки кыргызстандык кое берилди. Алардын абалы дурус экени айтылууда. Өзбек тарап үчүнчү жаран өздүгүн тактаган документтери келгенден кийин бошотуларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0