Депортацияланган тажик жараны Россияга жасалма КР паспорту менен учууга аракет кылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовПаспорт текшерип жаткан адам. Архив
Паспорт текшерип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган тажик жараны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Ошто жасалма паспорт менен Россияга учууга аракет кылган Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. 

Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депортацияланган КР жараны жасалма паспорт менен Түркияга учуп жатып кармалды
Маалыматка ылайык, 36 жаштагы жарандын "Ош-аэропорт" көзөмөл өткөрүү пунктунда көрсөткөн паспортунда жасалмалуулуктун белгилери байкалган. Текшере келгенде документтин химиялык коргоонуусу жана гербдин сүрөтү жок болуп чыккан. 

Кармалгандын айтымында, ал буга чейин Россиядан Тажикстанга депортацияланып келген. Кайра Россияга баруу үчүн Кыргызстандан мыйзамсыз берилген жасалма документти пайдаланган. 

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0