Бишкекте жүргүнчүнү сабады деп маршрутканын айдоочусу шектелүүдө

Жазылуу
Окуяны Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы иликтөөдө.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Пенсионерге болушкан Бишкектин 22 жаштагы тургуну аны №193 маршруттук таксинин айдоочусу сабаганын айтууда. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгын маалымат кызматы билдирди. 

Өткөн жума күнү, 9-декабрда, Улуттук госпиталга денесинен жаракат алган Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Андан соң ал кат жүзүндө милицияга арыз жазып, №193 маршруттук таксинин айдоочусу тарабынан сабагалганын айткан. 

"Милиция баланы сабаганга шектелген айдоочуну тапты. Ал Жалал-Абад облусунун 36 жаштагы тургуну экени аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө. 

Бишкектин чок ортосундагы кыздардын мушташы камерага түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин чок ортосундагы кыздардын мушташы камерага түшүп калган
Шектелген адам жүргүнчүнү эмне себептен сабагандыгы азыр белгисиз. Бирок буга бейин айрым маалымат каражаттары пенсионерге болушкандыгынан үчүн бала жабыркагандыгы айтылган. 

Азыр тергөө ишин Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы алып барууда. Учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүлүп жатат. 

Дарыгерлердин маалыматына ылайык кайрылган жарандын баш мээси жабыркаган. Ал азыр стационардык дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0