Сокулукта мас адам төрт кишиге бычак уруп, бирин өлтүрүп салды

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми калган үч жергиликтүү тургун алган жарааттарынан улам аймактык ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Сокулук районунда төрт адамга бычак уруп, бирин өлтүрдү деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБ маалымат кызматы билдирди.

14-декабрь күнү кечки саат 22:30дар чамасында Сокулук РИИБине Комсомол айылында бир топ адамдар арасында мушташ болгону тууралуу билдирүү түшөт. Милиция кызматкерлери жолдо 25-30 жаштагы адамдын жансыз денесин таап, анын Сокулук районунун 27 жаштагы тургуну болуп чыккан.

"Кылмышка шектүү делип Жалал-Абад облусунун 33 жаштагы тургуну кармалган. 14-декабрь күнү ал Бишкекке келип тааныштарынын биринин аялынын туулган күнүн белгилешкен. Шектүү менен бирге төрт адам спирт ичимдиктерин ичип, натыйжада ортодо мушташ чыгып кеткен. Анын жыйынтыгында кармалган адам жанындагысын бычак менен уруп 27 жаштагы жаран алган жараатынан дароо көз жумган", — деп жазылат маалыматта.

Сокулук РИИБи тарабынан кармалган адамга кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми бычак жеген дагы үч жергиликтүү тургун аймактык ооруканага жеткирилген. Тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0