Кыргызстандын түштүк аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титиреди

© flickr.com / Matt KatzenbergerСейсмограф. Архив
Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөө саат 04:46да Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Алай тоо кыркаларында катталган.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстандын түштүк аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн таңкы саат 04:46да Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Алай тоо кыркаларында катталган.

Анын таасири Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында 3 балл, Бор-Дөбө айылында 2-3 балл, Эркеч-Там айылында 2 балл сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0