Нарында мал издеп кеткен экинчи кишинин сөөгү табылды

© Фото / Влад УшаковТоо. Архив
Тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөөгө чыккан топ Орто-Сырт жайлоосуна кетүүчү "МЭЛС" ашуусунун "Күйгөн-Өтөк" участкасынан баланын сөөгүн табышкан.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 7-декабрь күнү мал издөөгө кеткен Угут айыл аймагынын Байгончок айылынын 23 жаштагы тургунунун денеси табылганын ӨКМ билдирди.

Ахунбаев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишиндеги жолдун боюнда бети кездеме менен жабылып жаткан эркек адам - Sputnik Кыргызстан
Күбө: чоң жолдун жээгинде бети жабылган адам жатат
Анын сөөгүн издөө тобу Орто-Сырт жайлоосуна кетүүчү "МЭЛС" ашуусунун "Күйгөн-Өтөк" участкасынан табышып, азыркы учурда айылына алып келе жатышканы министрлик тараткан билдирүүдө айтылат.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы издөө тобу аталган жерге барып өлгөн адамдын сөөгүн алып келген. Ал 22 жаштагы жергиликтүү жаран болуп чыккан.

Жергиликтүү элдин айтымында, алар 7-декабрь күнү эки адам "Орто-Сырт" жайытын көздөй жөө кетип бара жатканын көрүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0