Күбө: чоң жолдун жээгинде бети жабылган адам жатат

© Фото / очевидца Жоомарта У., отправленное по Whats App-каналуАхунбаев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишиндеги жолдун боюнда бети кездеме менен жабылып жаткан эркек адам
Ахунбаев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишиндеги жолдун боюнда бети кездеме менен жабылып жаткан эркек адам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тез жардам станциясы комментарий бергенден баш тартты.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Ахунбаев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишиндеги жолдун боюнда бети кездеме менен жабылган эркек адам жатат. Бул тууралуу WhatsApp-каналы аркылуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымында, бул жерге Тез жардам кызматкерлери жана милиция чакыртылган.

"Көрүнүшүнө караганда туруктуу жашаган жери жок адамдай көрүнөт", — деп жазат күбө.

Тез жардам станциясы комментарий бергенден баш тартты.

Ал эми милициянын "102" кызматы ал адамдын тирүү экенин айтты. 

Эгер сиз кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери +996 706 566 544 аркылуу кабарлап коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0