Жума күнү Ноокенде унаа кырсыгынан эки адам мерт кетти

© flickr.com / TylerУнаанын спидометри. Архив
Унаанын спидометри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулары каза болгондорду Ноокен райондук өлүкканага жеткирип беришкен.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокет районундагы Кызыл-Кыштак айылында Volkswagen Passat унаасы электр мамычасын сүзүп, анын ичинде бара жаткандардын ичинен эки адам каза болгон. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Кырсык 9-декабрда болгон. Ал жерге барган аскерлештирилген №55 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаадагы каза болгондорду Ноокен райондук өлүкканага жеткирип беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0