Кыргоол атам деген аңчы айыпка жыгылды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖизнь села Литковка Омской области
Жизнь села Литковка Омской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аңчы сейрек кездешкен кушту атып, куралы менен кошо испекторлордун көзүнө түшкөн.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Нарында Мамэкотехинспекциянын инспекторлору мылтыкчан кишини кармап, Кызыл китептеги атылган кыргоолдорду тапкан.

Инспекторлор андан ары изилдей келгенде ИЖ-12560 үлгүсүндөгү мылтыгына алынган документ жана аңчылык кылууга уруксат кагазы жок болуп чыккан.

"Эки кыргоол менен колго түшкөн Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылынын тургуну салынган айыпты төлөдү", — деп билдирди аталган кызматтан. 

Мамэкотехинспекциядан мыйзам бузуу боюнча инспекторлор ишти тийиштүү органдарга өткөрүп беришкенин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0