Кайгуул милициясы: мас айдоочу наристе менен кош бойлуу аял отурган унааны сүзүп кетти

© Фото / Nate Steiner / wheel gripУВД: Водитель, задавивший ребенка, находится на свободе
УВД: Водитель, задавивший ребенка, находится на свободе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кагышкан унаалардын биринде милиция кызматкери болгон.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бүгүн түнү Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Түштүк магистралында жол кырсыгы катталганын Бишкек шаардык ИИБдин Кайгуул милициясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кырсык түнкү саат 02.00 чамасында катталган.

"А.Ч. аттуу айдоочу өзүнүн Honda Fit унаасын менен Айтматов проспектиси менен түштүк тарапка бараткан. Көчөнүн Түштүк магистрал менен кесилишкен жеринен Mitsubishi Montero унаасы менен кагышкан. Анын кесепетинен төрт адам жабыркады", — деп айтылат билдирүүдө. 

Эки унаанын тең жүргүнчүлөрү жабыр тарткан. 

Передача машин скорой медицинской помощи Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Ош — Баткен — Исфана жолунда май ташыган унаа менен жеңил машина кагышып, 2 киши өлдү
"Жабырлануучулар арасындагы 5 жашар баланын мурду сынып, шаардагы №3 балдар ооруканасына жеткирилди. Анын 31 жаштагы кош бойлуу эжеси башынан жаракат алды. Ошондой эле 24 жашар кыз жабыр тартты", — деп билдиришти Кайгуул милициясынан. 

Honda Fit унаасынын айдоочусу А.Ч. далысынан жаракат алып, шаардык Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилди. Учурда ал кайра жандандыруу бөлүмүндө.

А.Ч. мас абалда экени, анын унаасында милиция кызматкери болгону айтылууда, бирок милиция кызматкери рулда болгонбу же жокпу белгисиз.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0