БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаардык соттун 33 жаштагы Илхамжан Алимжановго карата 30-сентябрда чыгарган өкүмү күчүндө калганын Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
Кабыл алынган өкүм менен макул болбой соттолуучу Алимжановдун адвокаты Жалал-Абад облустук соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясына апелляциялык даттануу менен кайрылган. Бирок иш каралып жатканда Алимжановдун адвокаты апелляциялык даттануусунан баш тартып, даттануусун кароосуз кайтарууну сураган.
Соттун берген маалыматына ылайык, аталган жаран Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы күрөш жүргүзүп жаткан "Катибати имам – Аль Бухари" эл аралык террористтик диний уюмдун идеяларын колдоо үчүн 2016-жылы 16-февралда Россиянын Астрахань шаарынан Түркияга өтүп, бир нече убакыттан кийин жашыруун жолдор менен чек арадан буйтап Сирияга өткөн.
"Ал жактан Лирамон, Идлиб, Кафар Хамра жана Урум шаарларында "Катибати имам – Аль Бухари" эл аралык террористик диний уюмунда диверсиялык-террорчулук кылмыштарды жасоо үчүн даярдыктан өтүп, согуш куралдарынын ар кандай түрлөрүн колдонууну жана атайын согуштук аракеттерди үйрөнгөн", — деп айтылат маалыматта.
Алимжанов Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы эл аралык диверсиялык-террористик уюмдун катарында бир нече жолку согуштук кагылышууларга "Калашников" автоматы менен катышып, террористик уюмдун базасын кайтарып келген.