Ысык-Көлдө жүк ташуучу унаа менен Нива кагышып, бир адам каза болду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүОтправка гуманитарного конвоя на Украину
Отправка гуманитарного конвоя на Украину - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан каза болгон Тору-Айгыр айылынын тургуну 28 жашта болгон.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бүгүн, 7-декабрда, Балыкчы — Чолпон-Ата унаа жолунун 19-чакырымында МAN үлгүсүндөгү унаа менен Нива кагылышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерде Нива үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Тору-Айгыр айылынын 28 жаштагы тургуну каза болгон. 

Куткаруучулар маркумдун кыпчылып калган сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жүк ташуучу автоунаалар себепкер болуп, адам өмүрүнө забын болгон жыл башынан берки жол кырсыктарын тизмектерин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0