Баткенде бир ай мурун жоголгон кемпирдин сөөгү тоодон табылды

Жазылуу
Суксур Бурканова 10-ноябрда үйүнөн чыгып кеткен.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Баткенде бир ай мурун жоголуп кеткен кемпирдин денеси табылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине туугандары билдирди. 

Эске салсак, Баткенде үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында 84 жаштагы кемпир үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес

84 жаштагы Суксур Бурканованын денеси 6-декабрь күнү Баткен шаарынан төрт чакырым алыстыкта жайгашкан Кызыл-Жол кварталындагы тоодон табылган. Мындай маалыматты Баткен шаардык ИИБден дагы тастыкташты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0