Канттагы үйлөрдүн биринен күйүп калган 59 жаштагы жарандын сөөгү табылды

Жазылуу
Маалыматка ылайык, электр жылыткычты колдонууда эреже сакталбагандыктан ашкананын полу күйгөн.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы үйлөрдүн биринен күйүп калган 59 жаштагы жарандын сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, электр жылыткычты колдонууда эреже сакталбагандыктан ашкананын полу күйгөн.

Андан сырткары, Бишкек шаарындагы Анкара менен Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Куткаруучулар окуя болгон жерге келип Opel үлгүсүндөгү унаанын ичинен болжол менен 25 жаштагы эркек адамды чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0