Индияда шылуундар кыргыз ЖОЖдоруна өткөрөбүз деп 26 миң доллардан алып жүрүшкөн

© flickr.com / Chris PotterСто долларовые купюры в конверте
Сто долларовые купюры в конверте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шылуундардын болжолдуу башчысы деп мурда Кыргызстандан медициналык билим алып кеткен 40 жаштагы Гопалан Аниш Ачария табылды.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Дели шаарынын криминалдык полиция департаменти Кыргызстан ЖОЖдорунун медициналык факультеттерине окууга өткөрөбүз деп абитуриенттерден акча өндүрүп жүргөн шылуундарды колго түшүрдү. Бул тууралуу The Hindu басылмасы жазып чыкты. 

Маалыматка караганда төрт адам алдын ала студенттердин ишенимине кирип алып, чет элдик окуу жайлардын жетекчилиги менен (анын ичинде кыргызстандык) байланышы бар экенин айтып, медициналык факультеттерге киргизүү үчүн ар биринен 26 миң доллардан акча алып турушкан. 

Алардын болжолдуу башчысы деп мурда Кыргызстандан медициналык билим алып кеткен 40 жаштагы Гопалан Аниш Ачария табылды. 

"Чхаттисгарх штатынан сегиз жабырлануучу кайрылгандан кийин гана полиция бул адамдарды издей баштаган. Биздин маалыматтарга караганда Гопалан 2006-жылдан бери Кыргызстандын медициналык окуу жайларына студенттерди жиберүү менен алектенип жүргөн. Жабыр тарткандар сегизден дагы көп болушу мүмкүн", — деди Чхаттисгарх полициясынын башчысы.

Кыргызстандан тышкары абитуриенттерди Казакстан жана Өзбекстандардын ЖОЖдоруна жиберишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0