Ноокенде кишини өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзгөндөн кийин окуя болгон жерден качып кеткен.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Кайгуул милициясы кишини өлтүрө сүзгөн айдоочуну кармаганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-декабрда саат 18:00дө Ноокен районундагы Беш-Мойнок айылындагы жолдон айдоочу Курулуш айылынын 23 жаштагы тургунун коюп кетип, окуя болгон жерден изин жашырган. Жөө тургун ооруканага жетпей жолдо каза болгон.

"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кайгуул милициясы Беш-Мойнок айылынын 23 жаштагы тургунун кармаган. Ал Mercedes-Benz 230 үлгүсүндөгү машинасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Машина автоунаа токтотуучу жайга киргизилип, айдоочу Ноокен РИИБине алып келинген", — деп айтылат маалыматта.

Чогултулган бардык материалдар райондук милиция берилип, тийиштүү экспертиза дайындалды. Тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0