БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Казакстандан Кыргызстанда кирүүгө аракет кылган түрк жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Түркиянын 47 жаштагы жараны "Актилек-автодорожный" өткөрмө пункту аркылуу жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган.
Тиешелүү документтер толтурулган соң, кармалган жаран УКМКга өткөрүп берилди.