"Дордойдун" "Ак-Суу" базарында да чатыр кулады

© Sputnik / Табылды КадырбековОбвал крыши на столичном рынке "Дордой"
Обвал крыши на столичном рынке Дордой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окурмандын айтымында, базардын адмистрациясы кыйраган жерди тургузбайбыз дешкен.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. "Дордойдо" жайгашкан "Ак-Суу" кичи базарында чатырдын бир бөлүгү кулаган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине базарда контейнер иштеткен Суюта Ороз WhatsApp каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, окуя шаршемби күнү кечинде катталып, жабыркагандар болгон эмес. 

"Мен бүгүн эртең менен ал жакта болдум. Базардын адмистрациясынан эч ким келген жок. Биз аларга чалсак, алар өзүңөр жасап алгыла деп жооп берип коюшту", — деди Суюта Ороз.

Интервью с директором Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбеком Джумбаковым - Sputnik Кыргызстан
Сабырбек Жумабеков: базардан жабыркагандар өз алдынча дем ала баштады
Sputnik маалымат агенттигинин кабарчысы "Ак-Суу" базарынын жетекчилеринин бири Алмаз Акун менен байланышса, ал базар экиге бөлүнө турганын түшүндүрдү.

"Мага тиешелүү базардын бөлүгүндө кыйроо катталган жок. Ал эми берки бөлүгүндө контейнердин чатыры ураган. Бул базардын чатыры эмес, жеке контейнер ээсинин чатыры. Администрация жалпы чатыр менен гана иш алып барат", — деди Акун.

Анын айтымында, ал өзүнө тиешелүү бөлүктү карап, ремонт жасаткан.

Окуялар, чукул кырдаалдар жана маалыматтарды биздин WhatsApp-каналына жөнөтсөңүздөр болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0