09:51 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Милиция кызматкерлери. Архив

Ош ОИИБ: уурдалган жаран унаанын багажынан качып чыккан

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
20110

18-ноябрдын түнүндө BMW үлгүсүндөгү унаа минген белгисиз адамдар Тепе-Курган айылынын 23 жаштагы тургунунун унаасын жолдун четине түртүп токтотушкан.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ошто белгисиз адамдар 23-жаштагы жаранды унаага салып кетишкен. Бирок ал багаждан качып чыгууга үлгүргөн. Бул тууралуу Ош облустук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 18-ноябрдын түнүндө BMW үлгүсүндөгү унаа минген белгисиз адамдар Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Курган айылынын 23 жаштагы тургунунун унаасын жолдун четине түртүп токтотушкан. 30-35 жаш чамасындагы азиат улутундагылар жаранды тапанча менен коркутуп, андан 10 миң сом талап кылышкан.

"Жигит 700 сом бергенде аны тапанча менен уруп, унаанын артына салып белгисиз жакка алып жөнөшкөн. Октябрь айылы аркылуу өтүп бара жатышканда унаанын багажы кокустан ачылып кетип жаран качууга үлгүргөн. Андан кийин ал Араван райондук ооруканасына кайрылган", — деп айтылат маалыматта.

Бул иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 123 жана 170-беренелери (адам уурдоо, опузалоо) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Араван районунун 30 жаштагы үч тургуну кармалды. Баары жумушсуз жана буга чейин соттолгон эмес.

Далил катары BMW үлгүсүндөгү автоунаа, ошондой эле, шектелгендердин биринен МР-654К Сal 4,5мм тапанча табылган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Тема боюнча

Сузак: арак аралашкан кылмыш. Талаада кыйылган аялдын өмүрү жана актанган таксист
Белгилер:
милиция, автоунаа, тапанча, жигит, Араван району

ЭҢ МААНИЛҮҮ