БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ош — Бишкек жолунда жол кырсыгы катталып, үч адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.
Аталган жолдун 260-чакырымында "Toyota Previa" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай май ташуучу чоң унаанын артынан сүзүп алган.
"Жол кырсыгынын кесепетинен "Toyota Previa" үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги үч жүргүнчу жаракат алышкан. Куткаруучулар окуя болгон жерге барышып, унаадан жабыркаган үч адамды чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп жазылат маалыматта.
Жаракат алган адамдар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Куткаруу иштерине беш куткаруучу тартылган.