Бишкекте жүргүнчүнү коюп кеткен айдоочу из жашырууга аракет кылды

© Sputnik / Данияр СандыбаевНаезд на пешехода по улице Элебесова в Бишкеке
Наезд на пешехода по улице Элебесова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкка кабылган айдоочу качып баратып, дагы эки автоунааны сүзгөн. Кайгуул милициясы аны Бишкектин чыгыш аймагынан кармаган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы Абдрахманов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу жөө кишини коюп кетти деп билдирди Бишкек шаардык Кайгуул милициясынан. 

Ведомствонун маалыматына караганда, айдоочу кырсык болгон жерден качып кетүүгө аракет кылып, жанында өтүп бараткан дагы эки автоунааны сүзүп алган. 

"Сүзүлгөн автоунаанын айдоочусу качкан айдоочунун артынан кууп, "Кара-Жыгач" жаңы конушунан жетпей калган. Кайгуул милициясынын кызматкерлери шектүүнү Чолпон-Ата көчөсүндөгү аймактан кармашкан", — деп билдиришти милициядан. 

Жабырланган жүргүнчү Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген. Mercedes-Benz автоунаасынын шектүү делген айдоочусу суракка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0