"Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчилигине кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание ОАО Кыргызтелеком в Бишкеке
Здание ОАО Кыргызтелеком в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган ишкана өлкөгө 275 миң доллар зыян келтирген деп айыпталууда.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратура "Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчилигине карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган органдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган ишкананын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгын эске албастан чет элдик интернет провайдерлери менен пайдасыз келишим түзгөн деп айыпталууда. 

"Үстүбүздөгү жылдын 29-июль жана 1-август күндөрү "Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчилиги "G.К.S.G" компаниясы менен секундасына 1 мбит интернетти 30 доллардан сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Буга байланыштуу өлкөгө 275 миң доллар зыян келген", — деп жазылат маалыматта.

"Кыргызтелеком" конкурс өткөрбөй туруп келишим түзгөнү боюнча да айыпталып жатат. 

Учурда аталган иш Каржы полициясына өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0