Кара-Көл шаарында турак үй өрттөнүп абышка-кемпирдин күйгөн денеси табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековӨРТ өчүрүү кызматкерлери. Архив
ӨРТ өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоо электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыкканы белгиленет.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кара-Көл шаарында турак үй өрттөнүп анын айынан абышка-кемпир каза болгондугун ӨКМден кабарлашты. 

Маалыматка караганда, Төрөкулов көчөсүндө жайгашкан үйдү өрт толугу менен жалмап кеткен. 

"Кырсыктан улам болжол менен 70 жаштагы үй ээси жана анын 60 жаштагы байбичеси түтүнгө ууланып каза болгон. Алардын жарым жартылай күйгөн сөөгү табылды", — деп жазылат маалыматта.

Тилсиз жоо электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыкканы белгиленет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0