Кабарчы: мектептеги өрт өчүрүлүп, жанындагы чиркөө жалындап күйүүдө

© Фото / Гуля АлманбетоваПожар в частной школе в Бишкеке
Пожар в частной школе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кабарчыбыз чиркөөнүн имараты урайын деп калгандыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкектин 7-кичи районунда жайгашкан жеке мектептеги өрт өчүрүлүп, учурда жанындагы чиркөө алоолонуп күйүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн, саат 08:40 ӨКМге өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

"Учурда мектептеги өрт толугу менен өчүрүлдү. Ал эми чиркөөдөгү өрт жалындап күйүүдө. Имарат урайын деп калды", — деди кабарчыбыз.

Белгилей кетсек, буга чейин Тез жардам кызматы окуядан жабыркагандар жок экенин айткан.

Бишкектеги жеке мектептен чыккан өрттөгү кадрларды Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0