Бишкек: мектептеги өрт анын жанындагы үйгө жармашты

© Sputnik / Бегимай БакашеваПожар в частной школе в Бишкеке
Пожар в частной школе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мугалимдердин бири окуучуларды чыгарып кеткендигин айтып, жабыркагандар жок экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкектин 7-кичи районунда чыккан өрт жанындагы көп кабаттуу үйгө да жайылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн, саат 08:40 ӨКМге өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

"Алдын ала маалыматтар боюнча чиркөөдөгү өрт мектепти каптап, учурда анын чатыры күйүп жатат. Тилсиз жоо имараттын жанындагы көп кабаттуу үйгө да өттү", — деди кабарчы.

Ал тилсиз жоо менен өрт өчүрүүчү үч унаа күрөшүп жаткандыгын айтып, үйдөгү өрттү өчүргөндүгүн кошумчалады.

Өрт жана окуучулар: Бишкектеги жеке мектепте өрт чыкты - Sputnik Кыргызстан
Өрт жана окуучулар: Бишкектеги жеке мектепте өрт чыкты
Ал эми мугалимдердин бири окуучуларды чыгарып кеткендигин билдирип, жабыркагандар жок экенин кошумчалады. 

"Эртең менен келип, күндөгүдөй эле сабактагы баштаганбыз. Кудай жалгап балдардын баарын чыгарып кеттик. Өрт мектептин жанындагы чиркөө жактан чыкты ", — деди күбө Елена.

Тез жардам кызматынан өрт боюнча чакыруу түшүп, дарыгерлер жөнөп кеткендигин айтышты.

ӨКМ кененирээк маалымат кечирээк берилерин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0