02:17 08 Бештин айы 2016
Түз эфир
Куурчак. Архивдик сүрөт

Ошто сойкулар байырлаган аймак аныкталып, администратору кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
44300

Оштогу батирлердин биринде атайын жай уюштурулуп, ал жакта коммерциялык секс кызматы көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Ош шаарында мыйзамсыз мейманканаларды ачып, ал жакта интимдик кызмат көрсөтүүнү уюштурган деген шек менен жаран кармалганын Ош ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, сойкукана уюштуруу үчүн Насирдин Исанов көчөсүндөгү бир батир иштетилип келген. Өзүн Азиз деп тааныштырган жаран администратор экенин айтып, кыздарды башкаларга соодалап турган.

Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында шектүү катары 28 жаштагы киши менен батирден бир нече кыздар кармалганын Ош шаардык ИИБден кошумчалашты.

Тергөө амалдары жүрүүдө.

Тема боюнча

Измирдеги сойкулар пенсияга чыгышты
РФтин интернет айдыңында акыркы жылдары балдар порнографиясы өсүп кеткен
Белгилер:
сойкулук, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ