Нурада кайтадан жер силкинди

Жазылуу
Жер титирөө өткөн жума күндөн баштап болууда. Анда Кытайдын аймагында күчү 6,8 баллга жеткен жер титиреген.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында кайтадан жер титирегенин ӨКМ билдирди. Жер титирөөнүн очогу Кытайда жайгашкан. Жердин силкинүүсү саат 11.46да болгон.

Случаи землетрясение в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Сейсмолог Абдрахматов: келерки жылдары жер титирөө арбыйт
Анын очогу Нура айылынан 33 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылда жердин силкинүүсү 2,5 баллды түзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.

Жума күнү Кыргызстан, Кытай жана Тажикстандын чек арасында 6,8 баллдык жер титирөө катталган. Анын күчү Бишкек шаарында жана өлкөнүн түштүк аймагында да сезилген.

Синьхуа агенттигинин билдиришинче, Кытайдын Акто аймагындагы айылда үй кулап, анын тургуну каза болгон. Жалпысынан алты үй жабыркаган.

Жер титирөө дем алыш күндөрү да болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0