Атамбаев Ирандагы авариядан улам өлкө башчысы Хасан Роуханиге көңүл айтты

© AP Photo / Saeed EsmaeilpourОбгоревший поезд после столкновения с другим поездом на севере Ирана
Обгоревший поезд после столкновения с другим поездом на севере Ирана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнү Ирандын Имамшехр шаарында жайгашкан темир жол станциясында эки поезд кагышып, кырсыктан 45 адам каза болгон.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ирандагы авариядан улам мамлекет башчысы Хасан Роуханиге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Индиядагы рельстен чыгып кеткен поезддин жанындагы куткаруучулар - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Индияда поезддин кырсыкташынан каза болгондордун саны 128ге жетти
Эске сала кетсек, жума күнү Ирандын Имамшехр шаарында жайгашкан темир жол станциясында эки поезд кагышып, кырсыктан 45 адам каза болгондугу кабарланган.

Телеграммада президент Алмазбек Атамбаев кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгы айтылып, кыргыз элинин жана өзүнүн атынан каза болгондордун жакындарына, Хасан Роуханиге көңүл айтканы жазылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0