Кайран жер силкинип, Алайдын Нурасында 4 баллга жетти

© AFP / LUIS RUEDAЖер титирөө графиги. Архив
Жер титирөө графиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында кыйроолор катталган жок.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бүгүн кайрадан Алайдын Нура айылында 4 баллга жеткен жер титирөө катталды деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. 

КРдин Сейсмология Институту очогу 2,5-3 баллга жеткен жер титирөөлөр (автер шок) Кытайдын аймагында улам кайталанып, акыркысы 5-5,5 баллга жеткендигин кабарлаган. 

"Ош облусунун Алай районуна караштуу Нура айылында жердин силкинүүсү 4 баллга жеткен. Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жок", — деп кабарлашты министрликтен.

Кечээ, 25-ноябрда Нура айылында 4-5 баллдык жер титирөө катталган. Ал эми анын эпицентри Кытайдын аймагында катталып, 7-8 баллга жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0